Индонезиянын Суматра аралында жанар тоонун атылышынан 11 альпинист көз жумду. Куткаруу кызматынын маалыматы боюнча, 3 адам тирүү табылды, дагы 12 адам дайынсыз болууда. Аларды издөө иштери коопсуздукка байланыштуу убактылуу токтотулду.
Жекшемби күнү түштөн кийин Марапи жанар тоосу атылып, күлү 3 километрге жеткен. Индонезиянын бийлиги 2-деңгээлдеги кооптуулукту жарыялады.
Индонезия сейсмикалык кооптуу зонада. Тынч океандагы жанар тоо чөйрөсүндө жайгашкан. Өлкөдө 130га жакын активдүү вулкандар бар.