Жанар тоо атылып 10 киши көз жумду

Автор

Индонезияда 4-ноябрга караган түнү Левотоби Лаки-Лаки жанар тоосу атылды. Жаратылыш кырсыгынан он киши көз жумду.
Жанар тоо Флорес аралында жайгашкан. Атылуу учурунда 2 чакырым бийиктикке күл бүрккөн. Жакынкы айылдарда бир нече өрт чыккан. Беш айылдан адамдар эвакуацияланган. Жанар тоонун жанындагы үйлөр калың күл каптаган.
Индонезиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттигинин өкүлү билдиргендей, атылуу 10 295 кишиге таасирин тийгизген.

Бөлүшүү:
Next Post

5-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 5-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бийик тоолуу аймактардагы жолдо тайгак болот. […]

Сизге жагышы мүмкүн