Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү жоопко тартылышы керек деген пикирин билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин бүгүнкү, 13-декабрдагы жалпы жыйынында айтты.
“Мына, Бишкек шаары боюнча 215 миң окуучу бар. Кычыраган кышта алар таң атпай окууга келсе, онлайн режимге өтүлгөнүн айтып атышат. Балдарды, ата энелерди таң атпай мүшкүлгө салышты”,- деди депутат.
Билим берүү министрлиги мектептерге 2 күндүк онлайн режимин кеч жарыялап, ата энелер укпай калышкан. Балдар сабакка келишкенде кайра үйлөрүнө жөнөтүшкөн.