Белгилүү оппозициялык депутат Жанар Акаев Бишкек чоң кыштакка айланып баратканын айтып, Асман шаарын коё туруп, Бишкекти оңдоп алууга чакырды. “Азыр Бишкек шаарын туташ проблемалар каптады. Жайында суу жок, кышында ыш, жолдорубуз болсо, эскирди. Жаңы конуштардын абалы абдан начар. Мектеп жана балдар бакчасы жетишпейт. Таштандыларды кайра иштетүүчү заводко акча бөлүнгөнү менен аныбыз курулган жок. Эгер мындай кетсек, Бишкек чоң эле айыл болуп калат, ошого баратабыз”,- деп билдирди. 5 млрд сом жөндөн – жөн эле жок болгонун айтып, “Улуу Көчмөндөр деп түзүп, ага 3 млрд сом бердиңер, топчу менен мык чыгар деп, “Кыргызиндустрия” деп атап алып, ага 1 млрд сом, Кыргыз Туризмге 1 млрд сом бөлдүңөр. Эч кандай жыйынтык болгон жок”,- деди. Эми Асман шаарын курбай эле ага кеткен каражатка борбор калааны оңдоп алуу сунушун киргизди.