Курултайчы Кадыр Кошалиевдин бозгундагы экс-президент Курманбек Бакиевден алган маеги коомчулукка жем таштады. Мындан улам бийлик Курманбек Бакиевди актоо аракетин көрүп жатат деген пикирлер басымдуулук кылат. Депутат Жанар Акаев эскертүү берип, “Бакиев канкор, Ала-Тоо аянтында адамдардын канын агызган, аткылаган. Эгер аны актоо аракети жүрүп жатса, биз жөн карап турбайбыз. Коомдук уюмдарды, активдүү жарандарды алып чыгабыз”,- деди.