Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин боюнча маселе көтөрдү.
Эл өкүлү ““Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси Улуттук деген макамга туура келбей жатат. Кызматкерлердин айлыгы, каржылык төлөмдөрү каралбай жатат. Эки жылдан бери парламентте чечим кабыл алып, Каржы министрлигине сунуштарда киргизгенбиз. Мына 2025-жылы айлыктар 3 эсеге көбөйөт деген бирок жылбай турат. Болгону 20 кызматкер бар, айлыгы 7 миң сом. Эми азыр 7 миң сомго ким иштемек эле”, -деди