Жамиля Жаманбаева Талас ИИБдин убактылуу кармоочу жайына барды

Автор

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева Талас облусунун  ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоочу жайында барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы кармалгандардын шарты менен таанышуу үчүн камераларга кирип, алар менен маектешти. Убактылуу кармоочу жыйы 32 адамга ылайыкташкан. Учурда убактылуу  жайда 19 шектүү болгон.

Акыйкатчы  өзүнчө жайгашкан имаратка көңүл буруп, кармалгандарды сейилге алып чыга турган жерлерин көрүп чыкты.

Ал эми ИИБдин башчысы Азенбек Козукеев Талас областында тергөө абагы жок экенин, ошондуктан айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайда кармалышаарын белгиледи.

Акыйкатчы  Талас областына  эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык келе турган тергөө абагынын курулушун керектигин  белгилеп кетти.

Бөлүшүү:
Next Post

Украина боюнча сүйлөшүүгө ортомчулук сунушталды

“Яблоко” партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинский өзүн  Владимир Путинге Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүчү катары сунуштады.  Бул тууралуу Явлинский РБКга берген маегинде билдирди. «Мен Чеченстанда, андан кийин Дубровкада ортомчу болдум.  Бул азаптуу нерсе, бирок ок атышууну токтотууга кадам таштоо үчүн зарыл болсо, мен даярмын»,-деди. Явлинский Путин менен жолугушууда Украинада ок атышууну […]

Сизге жагышы мүмкүн