Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын акыйкатчысы болуп шайланды

Автор

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы кызмат ордуна талапкерлерди карап, көпчүлүк добуш менен Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Бакыт Рысбековдун талапкерлигин 20 депутат колдосо, ал эми Жамиля Жаманбаеваны 48 депутат колдоду.

Белгилей кетсек, “Мекенчил” депутаттык тобу жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы Акыйкатчылыкка Жаманбаева Жамиля Акматбековнанын талапкерлиги сунуштаган.

Жамилия Жаманбаева 1977-жылы Фрунзе шаарында туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Кытайга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда  мамлекеттик сапар менен Кытайга жөнөп кетти. Мамлекет башчысы сапардын алкагында “Кытай-Борбор Азия” саммитине катышат. Ушул жылдын 18-майынан 20-майына чейин созула турган сапардын жүрүшүндө КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү […]

Сизге жагышы мүмкүн