Жамандык, жакшылыктарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоору даярдалды. Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылган документти депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев иштеп чыккан.
Сунушталган документтер төмөнкүдөй өзгөртүулөр сунушталат:
Маркумду узатуу
Маркумду узатууда ага катышуучулардын саны чектелбестен жана майда жандык, жылкы, бодо мал союлбастан өткөрүлөт.
Маркумду узатуудан кийин үч күн өткөн соң маркумду эскерүү иш-чарасы (“Куран окутуу”) бирден көп эмес жылкы же бодо мал союу менен өткөрүлүүсү мүмкүн.
Маркум дүйнө салгандан кийинки “үчүлүк”, “жетилик”, “кыркы”, “жылдык” сыяктуу ж.б. өткөрүүгө тыюу салынат.
Үй-бүлөлүк каада-салттар, салтанаттар жана урп-адаттар
“Үйлөнүү той” салтанаты бир бодо мал же бир жылкы сою менен 250дөн ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт.
“Кыз узатуу” салтанаты бир бодо мал же бир жылкы сою менен 100дөн ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт.
Эгерде “Үйлөнүү той” салтанаты жана “Кыз узатуу” салтанаты бирге өткөрүлсө бир бодо мал же бир жылкы союу менен 350дөн ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүүгө жол берилет.
Жаш жубайлардын үйлөнүүгө байланышкан салтанаты үчтөн ашпаган автоунааны пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Жогоруда аталган каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө “кийит кийгизүү”, “себет берүү”, “конок берүү”, “түштөнтүү” сыяктуу кошумча ысырапкорчулукту алып келген үрп-адаттарга тыюу салынат.
Диний ырасымдар
“Ажы”, “Умра” зыяратына баргандарды узатуу жана тосуп алуу ырасымдары үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөрүлүүсү мүмкүн.
“Ажы”, “Умра” зыяратына баргандарды “узатуу”, “тосуп алуу” сыяктуу ысырапкорчулукка алып келген ырым-жырымдарга тыюу салынат.
Мыйзам долбаарунда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүү убагында, аларды уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу жактардын ысырапкорчулук чөйрөсүндөгү мыйзамдын эрежелерин бузуусу, — жеке жака (той ээсине) эсептик көрсөткүчтүн 3000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга (коомдук тамак-аш жайларына) эсептик көрсөткүчтүн 1000 эсептик көрсөткүч айып салынары жазылган.
Ал эми маркумду узатуу жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү убагында, аларды уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу жактардын ысырапкорчулук чөйрөсүндөгу мыйзамдын эрежелерин бузуусу, ыйгарым укуктуу орган тарабынан, эсептик көрсөткүчтүн 2000 эсе өлчөмүндө айып салынат.