Жамалбек Ырсалиев: “Түркиядан 35 автобус алынып келинет”

Автор

Бишкекте жалпы 1376 автобус бар. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.
Анын айтымында, күн сайын каттамга 1070 автобус, 108 троллейбус чыгат. Ал эми 20-ноябрга чейин Түркиядан 35 автобус алынып келинет.
«Манас аэропортуна каттаган №153 автобус сыяктуу жаңы автобустар, экспресс-автобустар болот. Анткени, бардык автобекеттер шаардын сыртына жылдырылып, автобустар ошол бекеттерге барышат», — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиясы жогорулады

Кыргызстанда аскер кызматкерлерин пенсиясы жогорулады. Бул тууралуу “Токтом” порталы маалымдайт. Ага ылайык, президенттин 2024-жылдын 18-октябрындагы жарлыгы менен 2024-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматкерлеринин пенсиясы 10,8 %га жогорулатылды. Жарлык 2024-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн