9 айдын жыйынтыгы боюнча өлкө аймагында 530 км жол асфальтталды. Мындай иш аракет жыл аягына чейин 582 кмге болжолдонгон эле. Мындай маалыматты Транспорт министринин орун басары Бекжан Рысмендеев таратты.
“Балыкчы-Бөкөнбаев жолунун 25 км асфальт төшөлүп бүттү. Бөкөнбаев-Барскон-Кара-Кол жолу боюнча Азия Өнүктүрүү банкы менен 109 миллионго келишим түзүлдү. Корумду-Балбай жолу боюнча Ислам Өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, иш жүрүүдө. Ал 2027-жылы бүтөт”,- деп маалымдады министрдин орун басары.