Жалпы түрк алфавити боюнча макулдашууга жетишилди

Автор

9-11-сентябрь күндөрү Түрк академиясы тарабынан Түрк тилдер коомчулугу жана Ататүрк атындагы Жогорку маданият, тил жана тарых кеңешинин колдоосу менен уюштурулган түрк дүйнөсүнүн бирдиктүү алфавит комиссиясынын 3-жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты алфавит боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана комиссиянын эки жылдык тажрыйбасына таянып, түрк тилдеринин бирдиктүү алфавити боюнча ишти жыйынтыктоо болгон.
Жыйында биринчи жолу 1991-жылы окумуштуулар тарабынан сунушталган латын графикасына негизделген түрк дүйнөсүнүн бирдиктүү алфавити талкууланды. Комиссиянын ишинин натыйжасында түрк тилдеринде кездешкен ар бир фонеманы өзүнчө көрсөтө турган 34 тамгадан турган жалпы түрк алфавити боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте канча мугалим жетишпейт?

Бишкек шаарынын мектептеринде 496 мугалимдин орду бош. Көбүнчө орус тилдүү мектептерде айрыкча так илимдер — физика, математика, биология боюнча адистер жетишсиз. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында ар кандай мектеп предметтери боюнча 1,3 миңден ашык мугалим жетишпей турганы кабарланган. Министрликтин маалыматы боюнча, кадрлардын […]

Сизге жагышы мүмкүн