Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, ЖРТ төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:
I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда – Жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).
Каттого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.