Жалпы республикалык тестирлөөнүн күнү белгилүү болду

Автор

Мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөнү 18-майдан 25-июнга чейин тапшырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал 3-этапта өткөрүлөт.
I этап: 2024-жылдын 18, 19, 20-майында;

II этап: 2024-жылдын 22, 23, 24-майында;

III этап: жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21, 22, 23-июнда уюштурулат.

Эскерте кетсек, каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр 17-21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттала алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ак-Кула ат майданын сатуу боюнча аукцион өтөт

Бишкектеги Ак-Кула ат майданын сатуу боюнча аукцион 16-майда, саат 10:00дө өтөт. Бул тууралуу мэрия билдирди. Ат майдандагы турак эмес жайлардын аянты 1818,5 чарчы метрди, жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды (457 360 чарчы метр) түзөт. Анын баштапкы баасы 8 миллиард 731 миллион 917 миң сомго бааланган Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн