Жалпысынан 198 үй түрттүрүлөт

Автор

Ататүрк паркынын А. Малдыбаев тарабындагы аймагы мурдагы бийликтердин тушунда мыйзамсыз берилип кеткен. Ошондон бери талаш – тартыштардын очогуна айланып келет. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин маалыматында, 1992-жылдагы токтомдун негизине таянып, 198 үй түрттүрүлүп, бошогон жерлер мамлекеттин карамагына өткөрүлөт жана мурдагы 124 токтом жокко чыгат.
“Учурда үйдүн ээлерине билдирүүлөр жөнөтүлүп жатат. Алар өз ыктыялары менен көчүрүшпөсө, маселе сот аркылуу чечилет. Биз эч кимдин мүлкүнө кол салган жокпуз”,- деди калаа башчысы. Талаш тартыш жараткан жер аймагы жалпысынан 107 гектар. Мэрия үйлөрдү качан түрттүрүлөөрүн азырынча айта элек.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ: Газа тилкесиндеги бардык университеттер талкаланды

Газа тилкесинде бардык университеттер жана мектептердин көбү талкаланган. Бул тууралуу БУУнун Палестина аймактарындагы гуманитардык иштерди координациялоо боюнча башкармалыгынын башчысы Андреа Де Доменико билдирди. “Мектептердин басымдуу көпчүлүгү талкаланып, Газада бир дагы университет калган жок. Окуучуларды мектепке кайтаруу үчүн көп жылдар керек болот”,-деди Андреа Де Доменико. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын […]

Сизге жагышы мүмкүн