Бүгүнкү күндө банкка жалпысынан 5 миң 960 адам ажылык сапарына баруу үчүн баштапкы төлөмдөрүн төлөдү. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанга быйыл 6000 квота бөлүнгөн.
Ведомстводон белгилешкендей, бүгүн, 21-февралда төлөмдөрдү кабыл алуу РСК банкында саат 11:00гө чейин жүргүзүлөт.
Белгиленгендей, квотадан ашып кеткен жарандар ажылыктын электрондук базасында кезекте калат.