Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарын экономикалык жүрөк кылабыз деп билдирүү таратты. Учурда калааны оңдоп, түзөө жана өнүктүрүү үчүн 2 млрд сом бөлүнгөн. Министрлер кабинетинин төрагасы билдиргендей, эмдиги жылы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу ишке берилип, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекста” темир жолунун курулушу да Жалал-Абад шарынан өтөт. Жаңы аба майданы курулат. “Бизде бир гана Бишкек эмес, Жалал-Абад шаары дагы адам баласынын эки бөйрөгү сыяктуу экинчи экономикалык борбор болот”,- деп билдирди ал.