Жалал-Абад шаарында реконструкциядан өткөрүлгөн эки көчө ачылды

Автор

Бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарында жаңыдан асфальт төшөлгөн Розы Азимов жана Султан Ибраимов көчөлөрү ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар жана калаа тургундары катышты.
Аталган жолдор Жалал-Абад шаарынын ички көчөлөрү болуп саналат. Алар кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөлүп, тийиштүү жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери аткарылган. Учурда Азимов көчөсүн асфальттоо иштери аяктап, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки четин куруу иштери улантылууда.
Камчыбек Ташиев ачылыш аземине катышкан жергиликтүү тургундарга сүйлөп жатып, көрүлүп жаткан иш аракеттердин баары өнүгүү жолундагы Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга багытталганын белгиледи.
Жаңыланган жолдор республикалык бюджеттен каржыланган. Розы Азимов көчөсүнүн узундугу 2737 метрди, туурасы 14 метрди түзөт. Учурда жолдун асфальты толук аяктаган. Ал эми алдыда тротуар, жарыктандыруу жана темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары жасалат. Ал эми Султан Ибраимов көчөсүнүн узундугу 1151 метрди түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

ИИМ: Россияда 630 миң мыйзамсыз мигрант бар

Бул маалымат миграциялык саясат боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынында айтылды. Негизинен булар өлкөдө болуу режимин бузгандар. Россия өкмөтү 2025-жылдан баштап миграциялык документтери бүткөн же жокко чыгарылган адамдарды каттоого ала турган реестр түзүүнү пландоодо. Мыйзамдуу иштеген мигранттар 2023-жылы 3,5 миллион адамдан ашкан эмес. Алардын көбү Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келгендер. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн