Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп Орозбек Турдубеков шайланды

Автор

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы шайланган депутаттарга мандат берилип, алгачкы жыйынын өткөрдү. Ошол эле күнү “Жаңы Кыргызстан” партиясынан Орозбек Турдубековду төрага кылып шайлашты. Анын талапкерлигин 37 депутат жактырып, үчөө каршы добуш берди. Бул туурасында шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Орозбек Турдубеков – 32 жашта. “ЖБЗ Жалал-Абад бетон заводу” ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Калаадагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин экономика жана менеджмент адистигин аяктаган.
Жалал-Абад шаардык кеңешине 41 мандат бар. Бул орундарга жетүү үчүн 17-ноябрдагы шайлоодо “Жаңы-Кыргызстан, “Адилет”, “Эмгек” партиялары ат салышкан. Натыйжада үчөө тең беш пайыздык босогодон ашып жеңүүчү аталды.
Депутаттык мандаттардын көпчүлүк бөлүгүн “Жаңы-Кыргызстан” (20 мандат) алды. Ал эми “Адилет” 17, Эмгек төрт мандатка ээ болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Ишкер аялдардын форуму үмүт берди

Бүгүн, 29-ноябрда борбор калаада “Аялдар ойлоп табуучулукта, илимде, креативдүү индустрияда жана ишкерликте” деп аталган форум өттү. Ага өзүн жашоодо жана бизнесте активдүү көрсөтө алган ишкер айымдар, депутаттар жана министрликтин өкүлдөрү чакырылды. Иш чаранын алкагында “Дүйнө аялзатынын көзү менен” деген жарманке да уюштурулду. Жарманкеде жеңил өнөр жай ишканаларынан өндүрүлгөн товарлар көргөзмөгө […]

Сизге жагышы мүмкүн