Жалал-Абад футболдун мекени болот

Автор

Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, расмий түрдө ишке берилди. Ачылуу аземине Министрлер кабинетинин төрага орун басары Камчыбек Ташиев баштаган бийлик өкүлдөрү катышышты.
“Курманбек” стадиону 1967-жылы ашар жолу менен курулган. Анын 4 гектар жери четинен кыртылып, жарым кылым кароосуз калган. Былтыр УКМК төрагасы кейиштүү стадиондун абалы менен таанышып, оңдоп-түзөө иштерин жеке көзөмөлүнө алган. Учурда стадионго гибриттик талаа төшөлүп, жарыктандыруу системасы курулду. Айланасындагы курулуштар буздурулуп, кеңейтилди.
Камчыбек Ташиев стадиондун ачылышында сөз сүйлөп жатып, дагы 12 стадион оңдоп, түзөөдөн өткөрүлөөрүн, Кыргызстан-Малайзия футбол мелдеши Жалал-Абадда өтүшү мүмкүн экендигин, Жалал-Абад футболдун мекени болоорун билдирди.
Ачылыштан кийин Жалал-Абаддын “Мурас Юнайтед” жана Бишкектин “Илбирс” командаларынын беттешине күбө болушту.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин биринчи чет элдик сапары менен Кытайга келди

Россиянын президенти Владимир Путин Кытайга мамлекеттик сапар менен келди. Бул Путиндин президент болуп кайра шайлангандан берки биринчи чет элдик сапары. Анын сапары эки күнгө созулат. 16-майда Пекинде болот, ал эми 17-майда Хэйлунцзян провинциясынын административдик борбору Харбин шаарына барат. Владимир Путин Пекиндеги Эл аянтынын чоң залында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди расмий […]

Сизге жагышы мүмкүн