«Жалал-Абад» аэропортун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду

Автор

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев енен Кытайдын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясынын башкы директору Лю Дун «Жалал-Абад» эл аралык аэропортун куруу боюнча макулдашууга кол коюшту.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптардын макулдашуусуна ылайык, аэропорттун курулушун баштоо 2025-жылдын январь айына пландалган. Ага карата Жалал-Абад облусунун Сузак жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан 360 гектар жер аянты ажыратылып берилген.
Аймактагы жарандык авиацияны өнүктүрүү максатында министрлер кабинетинин төрагасынын ушул жылдын 20-ноябрында атайын тескемеси чыгарылган.
Облус башчысы бул ири долбоордун ишке ашуусу менен Жалал-Абад облусунун калкынын түйшүгү жеңилдеп, ички жана сырткы каттам жакшыраарын белгиледи. Ага катар кыргыз-кытай алакаларынын өсүүсү, экономикалык байланыштарды бекемдээрин кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткен окуясында курман болгон жоокерге эстелик орнотулду

Нарын облусунун Жумгал районунда 2022-жылы болгон Баткен окуясында курман болгон жоокер Жеңиш Иманбек уулуна эстелик орнотулду. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин демилгеси менен орнотулган эстеликтин ачылышы бүгүн, 25-ноябрда өттү. Жеңиш Иманбек уулу 2022-жылы чек ара кагылышында элдин тынчтыгы, мекендин бүтүндүгү үчүн күрөшүп, 22 жаш курагында каза тапкан. «Иманбек […]

Сизге жагышы мүмкүн