Жалал-Абадда селден өспүрүм бала каза таап, 300 түтүн көчүрүлдү

Автор

17-июнда саат 17:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон топтолгон сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, селдин кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде 20 куткаруучу, «Кыргызнефтегаз» ААКдан 8 кызматкер, 1 трактор, а/а 20 кызматкер, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, ИИМден 65 кызматкер, Медицина кызматынан 1 тез жардам бригадасы, Жарандык коргонуу кызматтарынан 15 кызматкер, 4 инженердик техника, жергиликтүү тургундардан 3 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал тартылган. Жеринде жалпысынан 134 кызматкер, 13 инженердик техника иштеп жатат.
«Тилекке каршы, Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну Э.Ж. атуу өспүрүмдү сел алып кеткен. Анын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 19:10до табылып, жакындарына беришкен.
Момбеков айыл аймагындагы сел каптаган Бостон айылында 2143, Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар. Учурда эки айылдагы кооптуу болгон жалпы 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланды», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташкенттен Ысык-Көлгө биринчи аба каттамы келди

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкенттен биринчи үзгүлтүксүз каттам тосуп алынды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көлгө каттамды Өзбекстандын Silk Avia компаниясы ачты. Мындан ары Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча каттамдар шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. «Бүгүн Ташкенттен Ысык-Көлгө 50 жүргүнчү учуп келди. Учуу […]

Сизге жагышы мүмкүн