Жалал-Абадда көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өтүүдө

Автор

Жалал-Абадда Улуу жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Жалал-Абад облусунун “Телтору” ат майданында өтүүдө. Ага жалпысынан бардык аймактардан келген 35 команда күч сынашууда.

Жогорку лигада 6 команда, биринчи лигада 12 команда, экинчи лигада 9 команда жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 8 команда бар.

Чүчү кулатын кулактын жыйынтыгы:

Жогорку лига:

А тайпасы: “Мурас” (Ысык-Көл), “Алтын-Альянс” (Талас), “Сары-Өзөн” (Чүй);

Б тайпасы: “Жаштык” (Жалала-Абад), “Достук” (Ош), “Ынтымак” (Талас).

Биринчи лига:

А тайпасы: “Улар”, “Көк-Жал”, “Ак-Шумкар”;

Б тайпасы: “Кара-Балта”, “Өзгөн”, “Намыс”;

С тайпасы: “Ысык-Ата”, “Бакай-Ата Дөөлөт” “Четинди-Бишкек”;

Д тайпасы: “Кемин”, “Жети-Аке”, “Ийгилик”.

Экинчи лига:

А тайпасы: “Талас шаары”, “Кетмен-Төбө”, “Ак-суу”;

Б тайпасы: “Ак-Илбирс”, “Биримдик”, “Аксы”;

С тайпасы: “Тянь-Шань Керамик”, “Кара-Кулжа”, “Ак-Кула”.

40 жаш:

А тайпасы: “Токтогул”, “Ысык-Көл”, “Бишкек-Сергүү”, “Сары-Өзөн Чүй”;

Б тайпасы: “Талас”, “Суусамыр”, “Жети-Дубан”, “Ош облусу”.

 

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 9-майга чейин уланат. Финалдык беттештер 8-9-май күндөрү өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Дагы бир поезд жолдон чыкты

Россия Федерациясынын Брянск облусунда дагы бир жүк ташуучу поезд рельстен чыкты. Аймактын губернатору Александр Богомаз буга жардыруу себеп болгонун, укук коргоо органдары ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатканын билдирди. Окуя 2-майда болгонун «Россия темир жолу» мамлекеттик ишканасы расмий Telegram каналында билдирди. «Бүгүн саат 19:47де Брянск облусунун Снежецкая-Белые Берега темир жол транспортунун ишине […]

Сизге жагышы мүмкүн