Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт

Автор

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев тарабынан кооптуу аймакта жайгашкан үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлган.
Буга чейин аталган аймактагы 14 үй-бүлө көчүрүү комиссиясы тарабынан коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлгөн, бирок, жумушчу топ барган учурда 4 үй-бүлө туруктуу ордуна кайтып келип, турмуш-тиричилигин улантып жаткандыгы аныкталды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында табигый кырсыктардын түрлөрү боюнча 1020 кооптуу аймак бар. Аталган жерлерде 1067 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келүүдө. Ал эми турак жайлардын 650сү Сузак районунда жайгашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Пакистандын тышкы иштер министри студенттерден кабар алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекке кыска мөөнөттүү иш сапары менен келген Пакистандын вице-премьери, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушуп, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранга чогуу барышты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн түз жана туруктуу өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар салттуу достук кыргыз-пакистан мамилелерине доо […]

Сизге жагышы мүмкүн