Жалал-Абадда жылан уусунун ири партиясын саткандар кармалды

Автор

Жалал-Абад облусунда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында күчтүү уулуу зат “Gurza – vipera Leberetna turaniga” ири партиясын сатуу аракети токтотулду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Такталгандай, күчтүү жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 долларына чейин бааланат.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектептерге жаңы тартип киргизилет

Өзбекстанда мектеп программасына “Социалдык-эмоционалдык окутуу” жаңы тартиби киргизилет. Бул окуучуларга депрессия жана тынчсыздануу менен күрөшүүгө жардам берет. Мугалимдер жаңы дисциплинанын бардык кылдат жактарын изилдеп жатышат, анын авторлорунун айтымында, ал балдарда өзүн өзү башкара билүү жөндөмүн калыптандырып, аларга турмуштук оор кырдаалдарды жеңүүгө жардам берет. Балдар арасында рэкетчилик фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу жаңы […]

Сизге жагышы мүмкүн