Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулат

Автор

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Жалал-Абадда жаңы аэропорт куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү каралып, адистештирилген долбоорлоо институту изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААК билдирет.

Маалыматка ылайык, аэропорт куруу демилгесинин себеби Жалал-Абад облусунун калкынын аба каттамдарына болгон суроо-талаптары көбөйүшү болуп саналат. Буга бир жумада 9 каттамдын аткарылгандыгы далил.

Ошондой эле аэропорттун басма сөз кызматынан белгилешкендей, учурда “Жалал-Абад” аэропортунда курулуш иштери жүрүп жатат. Курулуш иштеринин жүрүшү менен “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов таанышты.

Учурда учуп-конуу тилкесинин асфальт-бетон төшөлмөсүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Долбоорго ылайык, “Жалал-Абад” аэродромунун рулеждук жолчолорун жана учак токтотуучу жайларын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү каралууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө чемпиону Буффон карьерасын жыйынтыктады

Италия курамасынын курамындагы  Дүйнө чемпиону Жанлуиджи Буффон профессионалдык карьерасын аяктаганын расмий жарыялады. Ал футболдон 45 жашында кетип жатат. Буффон өзүнүн чечимин Twitter баракчасына жарыялады. “Демек, балдар! Сиздер  мага баарын бердиңиз, мен сизге баарын бердим. Биз муну чогуу жасадык”, – деп жазган ал твиттерге өзүнүн карьерасындагы эсте каларлык көз ирмемдердин видеосун […]

Сизге жагышы мүмкүн