Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулууда

Автор

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүнүн аппараты жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын административдик имаратынын курулушу башталды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, имарат Жалал-Абад шаарындагы Байзаков көчөсүндө жайгашкан 7,6 гектар жер аянтын ээлеген мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна курулууда.
Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана калаа тургундары катышты.
Камчыбек Ташиев имарат ыкчам курлуп, ошол эле учурда сапаттуу болушу зарылдыгын белгиледи. Бул аракет мамлекеттик кызматкерлерге керектүү шарттарды жаратуу, шаар инфраструктурасын жакшыртуу максатында колго алынганын кошумчалады.
Административдик имараттын курулушун келээрки жылы бүткөрүү пландалган. Ал жети кабаттан туруп, массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянты жана сейин бак менен курчалат.
Белгилүү болгондой, курулушка керектелүүчү каражат толугу менен мамлекеттик казынадан бөлүнүп, жалпы 1,6 млрд сомду түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө селден жабыркагандарга гумжардам таратылды

Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жарандарына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен гуманитардык жардам жеткирилди. Гуманитардык жардам жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ӨКМдин кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп берилди. Селден жабыркаган жалпы эки райондун тургундарына 21,95 тонна биринчи сорттогу ун, 4,390 тонна кумшекер, 4390 литр өсүмдүк майы жана 8780 банка эт консервасы […]

Сизге жагышы мүмкүн