Жалалидин Абдувалиев Паралимпиада оюндарында экинчи ирет күмүш медаль утту

Автор

КРнын пара жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Жалалидин Абдувалиев Пара Азия оюндарында экинчи ирет күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюндар Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жатат. Спортчу пара жеңил атлетика боюнча катышып жатат. 1500 м аралыкты коштоочусу Артем Шапилов менен 4 мүнөт 30 секунд убакытта чуркап өтүшкөн.

Белгилей кетсек, Жалалидин Абдувалиев буга чейин 5000 м аралыкты 17 мүнөт 15 секунд убакытта чуркап өтүп, 2-орунду ээлеген.

Бөлүшүү:
Next Post

26-октябрга карата аба ырайы

Эртең, 26-октябрда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;   Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21; […]

Сизге жагышы мүмкүн