Жалаа жана кемсинтүүлөр үчүн айып пул: Депутаттар мыйзам долбоорун кароодон баш тартты

Автор

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 3-сентябрда жалаа жабуу үчүн жазалоону караган мыйзам долбоорун кароодон баш тартты.
Буга чейин министрлер кабинети бул маселе боюнча баяндамачы кылып юстиция министри Аяз Баетовду дайындаган эле. Бирок жыйында өкмөттүн парламенттеги өкүлү Асан Гайыпов мыйзам долбоору боюнча баяндамачы болуп Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, ал эми кош баяндамачы болуп юстиция министринин орун басары дайындалганын билдирди.
Депутат Исхак Масалиев жалаа жабуу нормасын киргизүү боюнча баяндамачы Маданият министрлигинен болбошу керектигин айтты.
“Муну биринчи жолу көрүп жатам! Маданият министрлиги качан Кылмыштар тууралуу кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча баяндама жасай баштады! Баяндамачы сөзсүз түрдө юстиция министри болушу керек! Болбосо, Ички иштер министрлиги же прокуратура болушу керек, бирок эч качан Маданият министрлиги эмес. Мен каршы чыгам! Бул туура эмес болуп калды. Балким, техникалык ката болуп кетти. Баяндамачыны өзгөртүү керек. Тиешелүү түзүмдөн бирөө болушу зарыл”,-деп белгиледи ал.
Анын пикирине комитеттин калган мүчөлөрү да кошулушту. Маселе жыйындын күн тартибинен алынып салынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кара-Суу районунун акиминин орун басары эки айга кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Улан Батыров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде 1-сентябрда УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Акимдин орун басарына Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш […]

Сизге жагышы мүмкүн