Жалаа жабуу жана мазактоо үчүн айып пулду 20 миң сомго чейин кыскартуу сунушталды

Автор

Социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып пулду жеке адамдар үчүн 20 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомго чейин кыскартуу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн Мыйзамдуулук, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетте депутаттар бул мыйзам долбоорун экинчи окууда карашы керек болчу, бирок маселе күн тартибинен алынып салынды.
«Чечимдин долбоорунда айып пулду 20 миң сомго чейин кыскартуу сунушталууда. Бул да аз сумма эмес. Экинчи окууда 1 миң сомго чейин кыскартууну сунуштадым. Анткени максат адамды жакыр кылуу эмес, жазалоо. Мен бул мыйзам долбооруна каршымын, бирок ортону табууга аракет кылдым», — деди Дастан Бекешев.
Ал ошондой эле экинчи окууда мыйзамды ишке ашыруу ыйгарым укуктарын Маданият министрлигине эмес, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жана Ички иштер министрлиги иштерди сотко жөнөтүү сунушталып жатканын белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы президент жаңы кызмат орундарын аныктады

Доналд Трамп 2025-жылдын 20-январында президенттик кызматка расмий түрдө киришет. Ага чейин ал бир катар дайындоолорду аныктады. Ага ылайык шайлоо компаниясын башкарган Сусан Суммерал Виллис мамлекеттик катчы кызматын аркаламак болду. Ал эми Илон Маск өкмөттүн чыгымдарын көзөмөлдөөчү комитетти жетектейт. Учурда Түндүк Дакортанын губернатору, миллиардер Дуг Бёргам энергетика министри, ал эми финансы […]

Сизге жагышы мүмкүн