Жакынкы үч саат ичинде Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлүүдө

Автор

Жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт.
Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
“Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Нетаньяху өлкөнүн Коргоо министрин кызматтан алды

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн Коргоо министри Йоав Галантты кызматтан алды. Премьер-министр коргоо министри менен олуттуу пикир келишпестиктер болгонун билдирди. «Согуштун жүрүшүндө премьер-министр менен коргоо министринин ортосунда толук ишеним болушу керек. Алгачкы айларда ишеним бар болуп, жемиштүү иш жүргөнү менен акыркы айларда бул ишеним экөөбүздүн ортобузда бузулуп калды»,-деди Нетаньяху. Галанттын […]

Сизге жагышы мүмкүн