Жакында Бишкекте «Алтын күз» айыл чарба жарманкеси өтөт

Автор

Үстүбүздөгү жылы 18-20-октябрь аралыгында Бишкек шаарында республикалык «АгроТехЭкспо-2024» агроөнөржай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба азыктарынын жарманкесин өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «АгроТехЭкспо-2024» бул Кыргызстандагы дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүргөн ишканалардын техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын сунуш кылуучу көргөзмө болуп эсептелет.
Көргөзмөнүн негизги максаты – агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо, айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу.
Көргөзмө Кыргызстанда агрардык тематикадагы ири иш-чара катары айыл чарбасына, коомчулугуна дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын жана кайра иштетүү өнөржайы үчүн жабдууларды өндүргөн ишканалар үчүн өз продукцияларын сунуштоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот. Иш-сара Бишкектин борборунда 15 миң чарчы метрден ашык аянтта өтөт. Көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, энергетикалык каражатар, асыл-тукум малдары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.
Көргөзмөнүн негизги экспонаттары болуп Джон Дир, Клаас, Лемкен, Нью-Холанд, МТЗ, Ростсельмаш, УТО, Фотон-Ловол, Зумлион, Гомсельмаш жана башка дүйнөдөгү алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөрүнүн техникалары сунушталат. Айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын 200 дөн ашык түрлөрү, анын ичинде тракторлор, комбайндар, жер иштетүү техникалар, себүүчү машиналар жана кайра иштетүү

Бөлүшүү:
Next Post

Израил армиясы бир күндө эки миңге жакын бутага кол салды

Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) акыркы сутка ичинде Ливандагы «Хезболла» уюмунун 1600 объектисине сокку урганын маалымдады. Анда Ливандын түштүк аймактарында жайгашкан ракеталык учуруу жайларына жана топтун инфраструктурасына чабуул жасалганын билдиришти. ЦАХАЛдын билдирүүсүнөн кийин «Хезболла» Израилдин түндүгүндөгү аба базасына ракета соккусу жасалганын жарыялады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн