Жактоочу 30-декабрга чейин камакка алынды

Автор

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Имамидин Ташовдун жактоочусу Самат Матцаковдун бөгөт чарасын карап, камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Сот жактоочу Самат Матцаковду 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырды.
Камактагы жактоочунун укугун коргоого келген кесиптештери болсо, ишти караган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү эле Судья өтүнүчтү четке какты.
Белгилүү болгондой, УКМК Самат Матцаковду 29-ноябрда кармап, эч кандай комментарий берген эмес.
Бирок, өзү түрмөдөгү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу камалганын маалымдаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кумтөр кен аймагында аркар-кулжалардын саны көбөйүүдө

Кумтөр кенинин аймагында 140тан ашык аркар байырлайт. “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан билдиришкендей, экологдор кендин төмөнкү зонасында аркарлардын санын аныктоо максатында мониторинг жүргүзүштү. Анда жалгыз жүргөн аркарлар жана 40 башка чейин биригип жүргөн аркарлардын топтору байкалган. Жыйынтыгында ноябрь айына карата Кумтөр кенинин аймагындагы аркарлардын (тоо койлорунун) жалпы саны 140тан ашары аныкталган. […]

Сизге жагышы мүмкүн