Кемин районунда Жалгыз-Тал жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон Тар-Суу айылынын тургунун издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 43 жаштагы Ш.М. 29-ноябрда досуна жолугуу үчүн жайлоого кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын минип жүргөн аты келген.
Бүгүн, 4-декабрда издөө иштерине ӨКМден 4 куткаруучу, 50 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 40 адам, жалпысынан 94 адам тартылды.