Жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышат

Автор

28-августтан 8-сентябрга чейин Париж шаарында (Франция) өтө турган жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу барат.
Пара дзюдо боюнча Маматибраим Суранов 73 кг чейинки салмакта катышат. Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Боталиева 86 кг чейинки салмак категориясында катышат.
Пара триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы (Ангелина Блиндул коштоочу), пара жеңил атлетика Гүлназ Жүзбаева (Фернас Юлия коштоочу) өлкө намысын коргошот.
Жайкы XVII паралимпиада оюндарына жалпы 22 спорттун түрү боюнча 549 медаль ойнотулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Украина менен чектеш аймактын тургундарын эвакуациялоо башталды

Курск областынын ыкчам штабы Глушков районунон бардык тургундарын милдеттүү түрдө эвакуациялоону чечти. 2022-жылдын 1-январына карата бул райондун калкынын саны 17 558 адамды түзгөн. «Жергиликтүү тургундардын чыгуу процессин координациялоо күч органдарына, жергиликтүү администрацияга жана Курск борборунун «Патриот» ыктыярчыларына жүктөлгөн. Глушков району Курск облусунун түштүк-батыш тарабында жайгашкан. 6-августта украин армиясы менен салгылаштар […]

Сизге жагышы мүмкүн