1-декабрдан тарта казакстандык айдоочуларга унааларын жайкы дөңгөлөктөрү менен башкарууга тыюу салынды. Казакстанда бул талапты бузгандарга жоопкерчилик каралган.
Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 590-беренесинин 5-пунктуна ылайык, унааны жайкы дөңгөлөктөрү менен кыш мезгилинде айдагандар үчүн 2023-жылы 17 250 теңгеге барабар айып пул каралды.