Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Ага акын-жазуучулар, адабиятчылар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү, ишкерлер катышты.
Китеп миң нуска менен “Улуу тоолор” басмаканасынан чыккан.
Бейшенбай Усубалиев адабиятчылар арасында психологиялык прозанын чебери катары таанымал. “Түркүк”, “Көз”, “Түтүн”, “Түн”, “Зоока” ж.б. 50дөн ашуун аңгеме, повесттин, очерк, эссе, публицистиканын, алты прозалык жыйнактын, 300гө чукул илимий эмгектин автору.