Жазалоо кезеги Убактылуу өкмөткө келдиби?

Автор

2010-жылы мыйзамдуу бийликти бир ууч саясатчылар басып алышып, кызмат талашуу, пара алуу, чоң суммадагы акчаларды кантип бөлүшкөндөрү боюнча сүйлөшүүлөрү элге жарыяланып кеткен. Мындан улам эл көп жылдан бери Убактылуу өкмөттүн мыйзамсыз же, мыйзамдуу аракетине баа берилишин талап кылып келген.
Эске сала кетсек, 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Алмазбек Атамбаевдин кер мур айтышкан үн жазуусу жарыяланган. Анда 400 миң пара алып, бирөөнү кызматка койгондору боюнча сөз жүрөт. Көп өтпөй ошол кезде финансы жагын тейлеген Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдун 19 млн 600 миң доллардын тегерегиндеги сүйлөшүүлөрү жарыяланган. Убактылуу өкмөттүн караңгы иштери эми ачыкталып, укуктук баа алабы?

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Украинага жардам боюнча ыйгарым укуктарын узартууну суранды

АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы мамлекет башчысына Американын кампаларынан Украинага курал-жарак берүү программасы боюнча ыйгарым укуктарды узартуу өтүнүчү менен кайрылды. 30-сентябрдан кийин Ак сарай 5,8 миллиард доллар каражатты пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок болот. Эгер Конгресс ыйгарым укуктарды узартууну бекитсе, жардам бөлүктөр менен жөнөтүлөт. Пентагондун басма сөз катчысы Пэт Райдердин айтымында, бул […]

Сизге жагышы мүмкүн