Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров сабаган жаран тосмо арызын жазып, кечирди. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу журналисттерге билдирди.
«Мен бүгүн уктум, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып, жарашышыптыр. Жарашкан нерсени козгоонун кереги жок. Бирок, анын кылганын туура эмес деп эсептейм. Эми мындай жагдайга ар бир жаран кабылып калышы ыктымал», — деди ал.