Елена Зеленская окуучуларга бакыт сабактарын өтөт

Автор

Украинадагы мектептерге сентябрдан баштап Украинанын башчысынын жубайы Елена Зеленскаянын «бакыт сабактары» киргизилет. Бул Америкадагы социалдык-эмоционалдык билим берүү Well-Being курсунун адаптацияланган версиясы болуп саналат. Бул тууралуу саясатчынын жубайы өзү билдирген.
«Курс бактылуу, мазмундуу жашоо үчүн зарыл болгон эң маанилүү билимдерди жана көндүмдөрдү ачат»,-деп жазган Зеленская өзүнүн Telegram каналында. Мындай көндүмдөргө, атап айтканда, «адамдар менен мамиле куруу», «сүйүү жана боорукер болуу» жөндөмдүүлүгү, ошондой эле «акылмандык жана өсүү» кирет.
Билим берүү тармагындагы мындай кошумча өзгөртүү окуучулардын менталдык саламаттыгын колдоого жана аларга бактылуу жана жемиштүү жашоо үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Зеленскаянын пикиринде, салттуу академиялык предметтерден кем эмес маанилүү.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда бул жумада нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-июлдан 12-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн