Тышкы иштер министрлигинен маалыматында эртең, 27-июнь күнү Европа коопсуздук келишим уюмунун төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борчтун Кыргызстанга келээри күтүлүүдө.
Ал президент Садыр Жапаров, ЖК төрагасы Нурлан Шакиев, ТИМ министри Жээнбек Кулубаев, УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен жолугушуп, Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусун жана бир катар маселелерди талкуулашат.