ЕККУнун төрагасы Иан Борч Бишкекке келди

Автор

ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борч Кыргызстанга сапар менен келди.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сапар учурунда Иан Борч Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен жолугушат.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле Мальтанын төрагалыгынын күн тартибиндеги учурдагы маселелерди талкуулашат.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖЭБди реконструкция кылган компания менен Акылбек Жапаров жолугушту

Экс-премьер министр Сапар Исаков камалган кылмыш иште аты аталган кытайлык компанияга кызматташуу боюнча сунуш берилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга болгон иш сапары учурунда “TBEA Company Limited” компаниясынын президенти Чжан Синь менен жолугушуп, компанияны Кыргызстандагы кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү багытындагы долбоорлорго катышууга чакырды. Эки тараптуу жолугушууда минкаб төрагасы ТВЕА […]

Сизге жагышы мүмкүн