Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана Иорданиянын падышасы Абдулла II Израиль менен Хамас тобунун ортосундагы жаңжалдан улам палестиналыктардын Газа тилкесинен бул өлкөлөргө кетишине каршы экенин Бириккен Араб Эмираттарынын “The National” басылмасы билдирди.
Басылма жетекчилер калкты Иорданияга же Египетке кууп чыгууга жасалган ар кандай аракетти четке кагышкандыгын ырасташканын жазды.
Алар жаңжалдын кеңейиши аймакты кооптуу жолго алып барарын айтып, согуштук аракеттерди токтотууга чакырды.