Евро-2024: 1/4 финалынын бардык жуптары аныкталды

Автор

2024-жылкы Европа чемпиондугунун 1/8 финалынын Австрия менен Түркиянын улуттук командаларынын акыркы оюну аяктап, анда Түркия курама командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Ошентип Евро-2024 чейрек финалынын бардык жуптары аныкталды.
2024-жылкы Европа чемпионатынын чейрек финалынын жуптары:
5-июль. Испания – Германия;
5-июль. Португалия – Франция;
6-июль. Нидерланды – Түркия;
6-июль. Англия – Швейцария.
Эске сала кетсек, алгачкы оюн күнүнүн матчтарынын жеңүүчүлөрү биринчи жарым финалдык жупту түзүшөт, ал эми кийинки күнү жарым финалчылардын экинчи жуптары аныкталат.
Жарым финалдык беттештер 9 жана 10-июлда болот. Финал 14-июлда Берлиндеги Олимпиада стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Россиянын президенти Астанага келди

Россиянын лидери Владимир Путин Астанага келди. Ал Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Форумдун программасы 4-июлга белгиленген. Шаршембиде Путин алты мамлекет башчысы менен сүйлөшөт. Алардын арасында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин бар. Ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Монголия, Пакистан лидерлери […]

Сизге жагышы мүмкүн