Евро – 2024: Эртең Европа чемпионаты башталат

Автор

2024-жылы футбол боюнча Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Мелдеште кожоюн өлкө катары Германия курама командасы да катышат. Немистер үчүн бул Европа чемпионаты катары менен 14-чемпионат болмокчу. Калган 23 жолдомо 53 команда катышкан квалификациялык турнир аркылуу ойнотулду. 20 команда түз негизги турнирге, дагы үчөө плей-офф аркылуу өттү. Финалдык этапта Сербия менен Грузия дебют жасашат.
Евро 2024 тайпасынын курамы
2023-жылдын 2-декабрында Гамбургда финалдык этаптын чүчү кулак ташы өткөн.
А тайпасы: Германия, Шотландия, Венгрия, Швейцария.
В тайпасы: Испания, Хорватия, Италия, Албания.
С тайпасы: Словения, Дания, Сербия, Англия.
D тайпасы: Польша, Нидерланды, Австрия, Франция.
Е тайпасы: Бельгия, Словакия, Румыния, Украина.
F тайпасы: Түркия, Грузия, Португалия, Чехия.
Эске салсак, Евро-2024 финалдык этабынын оюндары Германиянын он стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Пашинян: Армения ЖККУдан чыгат

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөсү ЖККУдан чыга турганын жарыялады. Ал Ереван качан чыгарын өзү чечерин белгилеп, ЖККУга кайтып келүү ниети жок экенин баса белгиледи. Пашинян мурдагы бийликти бул уюмга киргендиги үчүн айыптап, анын мүчөлөрү «Азербайжан менен бизге каршы согушту пландаштырган» деди. Пашинян март айында эгерде өнөктөштөрдүн Армениянын эгемендүү аймагы боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн