Goal порталы Германияда өтө турган 2024-жылкы Европа чемпиондугунун командаларынын рейтингин сунуштады.
Бул рейтингге ылайык, Франция курамасы Евро-2024түн негизги фаворити катары эсептелинет. Рейтингди түзүүчүлөрдүн айтымында, Дидье Дешам жетектеген командада учурда олуттуу кемчиликтер жок.
Рейтингде экинчи орунду акыркы Европа чемпионатында финалга чейин жетип, пенальтиде гана утулган Англия курамасы ээледи (1:1, пенальтилер 3:2). Португалия курамасы үчүнчү орунду ээледи. Испания төртүнчү, ал эми Бельгия рейтингде бешинчи орунду ээледи.
Толук рейтинги:
Франция
Англия
Португалия
Испания
Белгия
Австрия
Германия
Шотландия
Tүркия
Венгрия
Албания
Словакия
Дания
Голландия
Словения
Сербия
Чехия
Швейцария
Хорватия
Италия