Германияда өтүүчү футбол боюнча Европа чемпиондугуна чүчүкулак тартуу алдында GOAL эксперттери Франциянын командасын болочок турнирдин чемпиондугуна негизги талапкер деп жарыялашты.
Маалыматка ылайык, Дидье Дешамдын командасынын 2024-жылкы Европа чемпиондугунда алтын утуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору.
Фавориттердин рейтингине буга чейин Евро-2024кө жолдомо алган 21 команда кирди. Жазгы плей-офф матчтарында аныктала турган үч команда өзгөчө болду.
Чемпиондукка талапкерлер тизмесинде Франциядан кийин биринчи 10до Португалия, Испания, Англия, Бельгия, Австрия, Венгрия, Түркия, Албания жана Нидерландия бар.
Эске салсак, Европа чемпионаты 2024-жылдын 14-июнунан 14-июлуна чейин Германиянын 10 стадионунда өтөт. Евро-2024 чүчү кулак кармоо 2-декабрда болот.