Евро-2024: УЕФА Орусиядан калыстарды чакырган жок

Автор

Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) 2024-жылкы Европа чемпионатында иштей турган калыстардын тизмесин жарыялады. Ага Орусиядан калыстар чакырылбай калган.
Еврофутбол оюндарына катыша турган жалпысынан 18 калыс чакыруу алган, алардын арасында орусиялыктар жок.
Эске сала кетсек, Европа чемпионаты 2024-жылдын 14-июнунан 14-июлуна чейин Германиянын 10 стадионунда өтөт. Акыркы жолу өлкөдө 2006-жылы ири футбол турнири Дүйнөлүк чемпионат өткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

25-апрелге карата аба ырайы

25-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, […]

Сизге жагышы мүмкүн