Бразилиялык атактуу футболчу Роналду “Евро-2024” чемпиону ким болорун божомолдоп айтты.
“Барселона”, “Интер”, “Реал Мадрид” жана Бразилиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы чабуулчусу Роналдо 2024-жылкы Европа чемпиондугунун жеңүүчүсү Испания болушү мүмкүн экендигин билдирди.
“Мен Испания деп ойлойм”, – деди Роналду Mail Sport Football YouTube каналына.
Испания курама командасы В тайпасында болуп, анын атаандаштары Хорватия, Италия жана Албания болот. Испаниянын футбол боюнча улуттук курама командасы үч жолу континенталдык турнирди утуп алган (1964, 2008, 2012)
Эске салсак, 2024-жылкы Европа чемпиондугу 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт. Беттештер өлкөнүн он шаарында болот.