Евро-2024: плей-офф оюндарынын бардык катышуучулары аныкталды

Автор

Германияда өтүп жаткан Евро-2024 мелдешинде 1/8 финалдын бардык катышуучулары белгилүү болду.
Тайпалык этаптын жыйынтыгы менен плей-оффко 16 команда чыкты.
Булар өз топторунун жеңүүчүлөрү: Германия, Испания, Англия, Австрия, Румыния жана Португалия.
Экинчи орундар: Швейцария, Италия, Дания, Франция, Бельгия жана Түркия.
Үчүнчү орунду алган алдыңкы командалар: Нидерланды, Грузия, Словакия жана Словения.
1/8 финал ишемби күнү 29-июнда башталат.
Европа чемпионатынын тайпалык этабында сегиз команда утулуп калды: Венгрия, Шотландия, Хорватия, Албания, Сербия, Польша, Украина жана Чехия.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун башкы катчысы Боливиядагы төңкөрүш аракетине тынчсыздануусун билдирди

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Боливиядагы төңкөрүш аракетине байланыштуу кабарларга терең тынчсыздануусун билдирип, каршы тараптарды өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн коргоого чакырды. “Башкы катчы бүгүн Ла-Пас шаарындагы окуялардан жана аскердик төңкөрүш аракетинен терең тынчсызданууда”,-деди дүйнөлүк уюмдун башчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик. Шаршемби күнү жергиликтүү ЖМКлар Ла-Пастагы өкмөттүк имараттар жайгашкан Мурильо аянтына аскерлердин чогулганын […]

Сизге жагышы мүмкүн